Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 24-августу № 48
Зергер жайыт комитетинин 2022-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезектеги онунчу сессиясы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып токтом кылат:
1.Зергер жайыт комитетинин 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгашалар статьясынын резервдик фондунан 20,0 мин сом,жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн акча каражатынан 10,0 мин сом кыскартылып,жалпы 30,0 мин сом мал чарба кызматкерлеринин алты айлык жыйынтык майрамын өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Келдибаев |