Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз17- сессиясы

2023-жылдын 11-августу № 17-3

Нарай жана Мырза Найман айылдарынын ортосунда жайгашкан муниципалдык жер аянтына эскерүү аллеясын куруу жөнүндө

Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу Нарай жана Мырза Найман айылдарынын ортосунда жайгашкан муниципалдык жер аянтына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү аллеясын курууга уруксат берүү жөнүндөгү жергиликтүү тургундардын арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна жана Жер Кодексинин 78-статьясына ылайык айылдык кеңештин сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарай жана Мырза Найман айылдарынын ортосунда жайгашкан муниципалдык жер аянтына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү аллеясын куруу жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.

 

  1. Эскерүү аллеясы үчүн берилүүчү жер аянтынын тийиштүү иш кагаздарынын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Шамуратовко жана жер адиси А. Байбалаевке милдеттендирилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш, өнөр жай жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага Б. Абдыкаимова