ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын
2024-жылдын 20-январы №148
2023-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнундө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Темирбаевдин 2023-жылга карата отчетун угуп, талкуулап жана 2024-жылга бюджетин карап чыгып , Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Темирбаевдин 2023-жылга карата аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга сунушталган бюджети 1-2 –тиркемеге ылайык бекитилсин( тиркеме тиркелет).
3. Орозбеков айыл өкмөтүнө мыйзам чегинде аймактын территориясында турган Учкоргон токой чарбасынын жайлоолорун келишим негизинде жайыт комитетине пайдалануу үчүн алып берүү жагы сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика , жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага : О.Ибрагимов
Орозбеков айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын 20.01.2024-ж. № 148 токтомуна тиркеме №1
Орозбеков айылдык Жайыт комитетинин 2024-жылга карата киреше бөлүгү боюнча түзүлгөн сметасы
№ | Киреше түрлөрү | Малдын саны(кошумча) | Төлөө суммасы (ар бир башка) | Жалпы суммасы |
1 | Жылкылар | 105 | 120 | 12 600 |
2 | Чоң бодо мал | 1105 | 120 | 132 600 |
3 | Музоолор (1 жашка чейин) | 740 | 100 | 74 000 |
4 | Майда мал | 4550 | 30 | 136 500 |
| Жалпысы: |
|
| 355 700 |
Орозбеков айылдык Жайыт комитетинин 2024-жылга карата чыгаша бөлүгү боюнча түзүлгөн сметасы
№ | Чыгаша бөлүгүнүн аталышы | Суммасы | Жалпы сумма |
1 | Эмгек акы Төрага эсепчи |
60000 20000 |
60000 20000 |
2 | Соц.фонд төлөмү 17,5% | 13800 | 13800 |
3 | Командировкалык чыгымдар | 5000 | 5000 |
4 | Транспорттук чыгымдар | 15000 | 15000 |
5 | Концелярдык товарлар | 1000 | 1000 |
6 | Жер салыгы(243 га*12,70) | 3090 | 3090 |
7 | Жайыттарды оңдоо жана башка чыгымдар | 119 244 | 119 244 |
8 | Жайыт пайдалануудан түшкөн акчанын 3/1 бөлүгүн айыл өкмөтүнө чегерүү | 118 566 | 118 566 |
| Жалпы: |
| 355 700 |
|
|
|
|
Орозбеков айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы: А.Нажиева
Орозбеков айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын20.01.2024-ж. №148 токтомуна тиркеме №2
Орозбеков айыл аймагындагы жайыт үчүн малга болгон төлөмдөргө өзгөртүүлөр
№ | Малдардын аталышы | сумма (сом) | мөөнөтү
|
1 | КРС (чоң мал) | 120 | сезонго |
2 | Музоолор (1 жашка чейин) | 100 | сезонго |
3 | МРС (майда мал) | 30 | сезонго |
4 | жылкы | 120 | сезонго |
Башка четтен келген малдарга өзгөртүүлөр жок
№ | Малдардын аталышы | сумма (сом) | мөөнөтү
|
1 | КРС (чоң мал) | 300 | сезонго |
2 | Музоолор (1 жашка чейин) | 150 | сезонго |
3 | МРС (майда мал) | 150 | сезонго |
4 | жылкы | 300 | сезонго |
Орозбеков айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы: А.Нажиева