Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги он биринчи сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 50
Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын курултайын чакыруу жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезексиз он биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Биринчи элдик курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 чечими менен бекитилген нускаманы жетекчилике алып, ушул маселеде Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын курултайын чакыруу жөнүндө айылдык кенештин төрагасы Б.Келдибаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына Кайрат айылына, айылдык маданият үйүнүн имаратына саат 10-00 чакырылсын.
2. Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин: Келдибаев Б.-Зергер айылдык кенешинин төрагасы,комиссиянын төрагасы. Сапарали уулу А.-айылдык кенештин төрагасынын орун басары,комиссиянын төрагасынын орун басары. Адилбеков А.-айылдык кенештин жооптуу катчысы,комиссиянын катчысы. Кочкоров С.-айылдык кенештин депутаты,комиссиянын мүчөсү. Сагынбаев М.-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын мүчөсү. Айтбаев М.-ардагерлер кенешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү. Жаанбаева С.-аялдар кенешинин төрайымы,комиссиянын мүчөсү. Апышов К. комиссиянын мүчөсү. Айыл башчылар-комиссяиын мүчөлөрү.
3. Жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 100 делегатка бекитилсин.Анын ичинен айылдардагы калктын санына жараша Токтогул айылынан -14,Жаны-Айыл айылынан 11,Кайрат айылынан -16, Аюу айылынан -12,Зергер айылынан-13,Кутурган айылынан -16,Ничке-Сай айылынан -18 делегаттын өкүлчүлүктүү ченеми бекитилсин. 4. Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын курултайына делегаттарды шайлоо боюнча айылдарда өтүүчү элдик жыйындардын графиги жана аны өткөрүү боюнча жооптуу депутаттар томөнкүдөй бекитилсин.Токтогул айылында - 15-октябрда жооптуу депутаттар Султаназаров А.,Кайыев С.,Джилкинчиева Ж.,Жаны-Айыл айылында 15-октябрда.жоопту депутаттар Сапарали уулу А.,Терекбаева С.,Кайрат айылында 16- октябрда жооптуу депутаттар Кадыров М.,Кочкоров А.,Нуруева Б.,Аюу айылында 17-октябрда жооптуу депутаттар Орозбаев М.,Абдывали уулу М.,Тешебаева Р., Зергер айылында 18-октябрда жооптуу депутаттар Орозбаев М.,Абдывали уулу М., Абдуллаева С., Кутурган айылында 19-октябрда жооптуу депутаттар Келдибаев Б.,Байдолотова М.,Каратаев И.,Осмонова К.,Ничке-Сай айылында 19-октябрда жооптуу депутаттар Калыев У.,Муратов И.,Мусурманкулова Н.,Абдырахманова С.
5. Курултайды уюштуруу, өткөрүү иш чараларына акчалай материалдык көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырам.
Төрага: | Б.Келдибаев |