Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги он биринчи сессиясы
2022-жылдын 24-августу № 51
Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин кошумча каржылоо жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезексиз он биринчи сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине киреше салыгынын эсебинен 800,0 мин сом,жайыт салыгынан 230,0 мин сом, КБФнын аренда акысынан 150,0 мин сом, ата-энелерден алынуучу төлөмдүн эсебинен 30,0 мин сом акча каражаты түшкөндүктөн,ушул акча каражатын каржылоого алуу жонүндө жана лицензиядан алынуучу салыктын эсебинен 513, мин сом акча каражаты түшпөгөндүктөн ушул акча каражатын бюджеттен кыскартуу жөнүндө “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын,финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине лицензиядан алынуучу салыктын эсебинен 513,0 мин сом акча каражаты түшпөгөндүктөн ушул акча каражаты бюджеттен кыскартылсын. Киреше салыгынын эсебинен 800,0 мин сом,жайыт салыгынан 230,0 мин сом, КБФнын аренда акысынан 150,0 мин сом, ата-энелерден алынуучу төлөмдүн эсебинен 30,0 мин сом кошумча акча каражаты түшкөндүктөн ЖКХ тармагынын 3111 статьясына 166,5 мин сом, 2215 статьясына 160,0 мин сом, башкаруу тармагынын 2214 статьясына 40,0 мин сом,2215 статьясына 80,0 мин сом, билим берүү тармагынын 2215 статьясына 220,0 мин сом,атайын каражаттын эсебинен бала бакча тармагынын 2218 статьясына 10,0 мин сом,2215 статьясына 20,0 мин сом каржылоого алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Келдибаев |