ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз16- сессиясы
2023-жылдын 12-июну № 16-3
Он Эки Бел айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 5-пунктуна ылайык Он Эки Бел айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда түшкөн сын-сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин тиешелүү комиссиясынын корутундусун угуп Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 8-пунктчасына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Тиркемеге ылайык Он Эки Бел айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.( тиркеме тиркелет).
- Он Эки Бел айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.qomsumo.qov.kg сайтына жарыялансын.
- Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Б. Абдыкаимова