Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (7- чакырылыштагы) кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 24-августу № 52
Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын тогуз айында кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын тогуз айында жергиликтүү бюджетинин кирешелер чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 12-сессиясы токтом кылат:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын тогуз айында кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине Республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 500,0 мин сом максаттуу трансферт акча каражаты ЖКХ тармагынын 2215 статьясына архитехтуралык жумуштарга каржылоого алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Келдибаев |