Редакцияот 20.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

    Орозбеков  айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын

2024-жылдын 20-январы №151

Орозбеков айыл аймагынын жергиликтүү салыктар үчун коэффициентин бекитип берүү жөнундө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Мурзакматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2022-жылдын 18-январында кабыл алынган  Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 412-беренесинин 2-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кенеши токтом кылат:

1. Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондундагы жерлердин салыктары топурактын бонитетинин баллын эске алуу менен төмөнкү тарифтер бекитилсин:

1 га жер аянтына : сугат айдоо  156 (жүз элүү алты) сом, ижара акысы 2500 ( эки миң беш жүз) сом; кайрак айдоо 41(кырк бир) сом, ижара акысы 2000 (эки миң) сом; бак 150 (жүз элүү сом) сом,ижара акысы 2167 (эки миң бир жүз алтымыш жети) сом; чөп чабынды 25 (жыйырма беш)  сом,ижара акысы 1000( бир миң ) сом.

  2. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн алынуучу салыктарга 1,2 коэффициент бекитилсин.

  3. Өздөштүрүлуп  жеке менчикке которулган айыл чарба багытында жер салыгына гектарына 2000 ( эки миң) сом бекитилсин.

 

4. Айыл аймагындагы асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүруп, убактылуу пайдалануу үчун аймактын жарандарына 1 гектардан ашпаган жер аянты берилип, гектарына 3000(үч миң) сомдон ижара акысы бекитилсин.

 

5. Калктуу конуштардагы жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторунан тышкары, ашыкча жер  участогунун салыгы келишимдин негизинде ижара акысы гектарына 2000 (эки миң) сомдон төлөнсүн.

 

          6. Таштандыларды чыгаруу салыгы үчүн 100 (жүз) сом бекитилсин.

7.  Ушул токтомду аткаруу жагы  айыл өкмөтүнө   жүктөлсүн жана  көзөмөлдөө

            жагы айылдык кенештин   бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу

           комиссиясына тапшырылсын.

 

  

 Төрага:                                                                       О.Ибрагимов