Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (7- чакырылыштагы) кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 24-августу № 53
Зергер айылдык кенешинин (7-чакырылышынын) айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-статьясынын 10-пунктуна ылайык Зергер айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын) «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 12-сессиясы токтом кылат:
1. Зергер айылдык кенешинин Зергер-Дыйкан шайлоо округунан шайланган депутат Абдуллаева Санамбу Борончуевна айылдык кенештин сессияларына себепсиз сегиз жолу катарынан катышпагандыгы жана Кайрат шайлоо округунан шайланган депутат Нуруева Бактыгул Мамасабыровна айылдык кенештин сессияларына себепсиз беш жолу катарынан катышпагандыгы үчүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Келдибаев |