Загрузка документа…
СТЕПНОЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СТЕПНОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-майы № 7
Степное айыл аймагындагы алыскы жана айыл жанындагы жайыттарда мал жаюуга тарифти өзгөртүү жөнүндө
Степное айылдык аймагынын «Боз-Жорго» ЖПБ төрагасы Д.Б. Сырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында Степное айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Ушул айыл өкмөтүнүн жашоочулары үчүн Степное айыл өкмөтүнүн жайыттарына мал жаюу боюнча тарифтин баасын төмөндөгүдөй кабыл алуу:
- Айыл жанындагы жайыттарга:
- Ири мүйүздүү мал – 70 (жетимиш) сом 1 башына;
- Жылкы-70 (жетимиш) сом 1 башына;
- Майда мүйүздүү бодо мал-30 (отуз) сом 1 башына.
- Алыскы жайыттарга:
- Ири мүйүздүү мал – 70 (жетимиш) сом 1 башына;
- Жылкы-70 (жетимиш) сом 1 башына;
- Майда мүйүздүү бодо мал-30 (отуз) сом 1 башына.
2. Башка райондордун, шаарлардын жана айылдардын жашоочулары үчүн, ошондой эле Степное айыл өкмөтүнүн белгилүү бир акыга (малды эсепке алуунун чарбалык китеби боюнча эсепке алынбаган мал) убактылуу багууга мал жыйноо менен алектенген тургундары үчүн Степное айыл өкмөтүнүн мал жаюу боюнча жайыттарына тарифтин баасын төмөнкүдөй баада кабыл алуу:
- Айыл жанындагы жайыттарга:
- Ири мүйүздүү мал - 300 (үч жүз) сом 1 башына;
- Жылкы - 300 (үч жүз) сом 1 башына;
- Майда мүйүздүү бодо мал-50 (элүү) сом 1 башына.
- Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарга 3 (үч) айлык мөөнөткө:
- Бодо мал – 150 (жүз элүү) сом 1 башына;
- Жылкы-150 (жүз элүү) сом 1 башына;
- Майда мүйүздүү бодо мал-30 (отуз) сом 1 башына.
3. «Боз-Жорго» ЖПБ төрагасы (Сырбаев Д.Б.):
- 2021-2022-жылдарга жайыт пайдалануучулардын тизмесин түзүү;
- 50 (элүү) жана андан ашык башы бар жарандарды айыл аймагынын алыскы жайыттарын пайдаланууга милдеттендирүүгө;
- 15 (он беш) жана андан ашык башы бар жарандарды айыл аймагынын алыскы жайыттарын пайдаланууга милдеттендирүүгө;
- 15 (он беш) жана андан ашык жылкысы бар жарандарды айыл аймагынын алыскы жайыттарын пайдаланууга милдеттендирүүгө;
-квартал сайын «Боз-Жорго» ЖПБ маалымат тактасына «Боз-Жорго» ЖПБ акча каражаттарынын келип түшүүсү жөнүндө корутундуну илип койсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Степнинский айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Насыркуловго жүктөлсүн.
Степное айылдык кеңешинин төрагасы |
М.С. ПолуляшнаяА. |