Загрузка документа…
СТЕПНОЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СТЕПНОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 01-ноябрындагы № 13
Степное айыл аймагында айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыгынын зоналык коэффициентин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык Степное айылдык кеңеши:
токтом кылат:
1. 2023- жылдын 01-январынан тартып Степное айыл аймагы боюнча айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыгынын зоналык коэффициентинин мааниси 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом Ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Степное айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Манаповго жүктөлсүн.
Степное айылдык кеңешинин төрагасы |
М.С. Полуляшная |