Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5 июлундагы № 11/1
«Жер тилкесин Красный Восток айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө»
Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевтин маалыматын угуп жана Чүй облусунун Административдик сотунун 2021-жылдын 01-декабрындагы Чечимин, Чүй облустук сотунун 2022-жылдын 10-мартындагы аныктамасын, Чүй облусунун прокурорунун орун басарынын 2022-жылдын 27-июнундагы талабын карап чыгып, жана 2022-жылдын 29-июнундагы бааланган объекттин наркы боюнча кортундусунун негизинде, Красный Восток айылдык Кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Красный Восток айыл өкмөтүнүн Кара-Төбө участкасынын 49-контурда жайгашкан жер тилкеси мурда Макеев Аманбай Болотовичтин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон 8,4 га сугат айдоо аянты Красный Восток айыл өкмөтүнүн балансына жалпы баланстык наркы 1285,0 (бир миллион эки жүз сегиз жүз беш) сом баланстык наркы менен кабыл алынсын, Красный Восток айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынгандан кийин Макеев Аманбай Болотовичтин жер үлүшүнүн аянты 1,68 гектарды түзөт.
2. Жер участогуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жайыл райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтом Красный Восток айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жайгаштырылсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Красновосточный айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Сүйналиевге тапшырылсын.
Төрага | Абдусаматов У.К. |