Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-январы № 5
Кен-Арал айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан ата-энелер төлөмүндөгү киреше -80086 сомду бөлүштүрүп бекитүү жөнүндө.
Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII чакырылышынын 1-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Арал айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан ата-энелер төлөмүндөгү киреше «Атайын каражаттар» 3112 « Кеңсе жабдыктарын алуу » статьясына 80086(сексен миң сексен алты )сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Темирбаевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Токонов |