Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-январы № 24
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 57-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен жарашса жана келтирилген чыгымдын ордун толтурса, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларын кошпогондо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.";
2) 58-берененин 6-бөлүгүндө "137-беренеси, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту жана 3-бөлүгү" деген сөздөр "137, 154, 155-беренелери, 156-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 82-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 6-пунктта "баланын" деген сөз алып салынсын;
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ушул Кодекстин 137, 157, 158, 166, 167, 168-беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондорго;".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "кыскартылышы мүмкүн" деген сөздөр "кыскартылат" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 112-берененин 4-бөлүгүндө "154-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 155, 157-беренелеринде" деген сөздөр "154-157-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 505-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тараптардын ортосундагы жарашууга коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча иштердин өндүрүшүндө жетишүү мүмкүн.";
4) 507-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча тараптардын жарашуусунун негизинде тергөөчү, сот ишти кыскартат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 7-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |