Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-январы № 1795-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2024-жылдын январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна Э.Т.Байтикованы шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна Э.Т.Мамыровду шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна М.А.Сатыевди шайлоо жөнүндө.
Төрага | Н.Т. Шакиев |