БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2023-жылдын 8-августу № 1
Сузак райондук архивине имарат курууга жер ажыратып берүү жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдын 03-августундагы № 01-15/608 «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылында жайгашкан борбордук стадиондун четинде жайгашкан бош жаткан 0,21 гектар жер аянты муниципалдык менчикке алынып жана анын ичинен Сузак райондук мамлекеттик архивине имарат курууга 0,04 гектар жер тилкесин ажыратып берүү жагы сессияда каралып мыйзам чегинде чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь-1 айылында борбордук стадиондун четинде жайгашкан бош жаткан 0,21 гектар жер аянты муниципалдык менчикке алынсын жана анын ичинен 0,04 гектар тилкесин Сузак райондук мамлекеттик архивине имарат курууга ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |