Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги отуз үчунчү сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 107
“Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө муниципалдык менчигинде турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айылдык кеңешининкезектеги отуз экинчи сессиясына сунушталган маселелерди, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 09.01.2024-жылдагы №01-10/14 сунуш катын талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
3. Жобону жетекчиликке жана аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө
(Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.
Төрага Кожонов З.Ы.