Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-январы № 5
Алтынкыз-Токтобү атындагы балдар бакчасына ойноо
аянтчасын куруу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 18-январындагы кезектеги 14-сессиясы балдар бакчасынын башчысынын кайрылуусун угуп талкуулап чыгып протоколдун негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Маданият айылындагы Алтынкыз-Токтобү атындагы балдар бакчасына ойноо аянтчасын куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Ойноо аянтчасынын долбоорун жана тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Уметалиевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев |