Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы

2023-жылдын 8-августу № 2

Октябрь музыкалык мектебине жана китепканага имарат курууга жер ажыратып берүү жѳнүндѳ

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдын 03-августундагы  № 01-15/594 «Багыш  айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылында жайгашкан спорт мектебинин четинен балдар музыкалык мектебине жана китепканага имарат куруу үчүн  0,06 гектар жер тилкесин ажыратып  берүүгѳ чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылында жайгашкан спорт мектебинин четинен балдар музыкалык мектебине жана китепканага имарат куруу үчүн  0,06 гектар жер тилкесин ажыратып, имарат курууга  уруксат берилсин.

 

2.  Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Самидиновго жүктѳлсүн.

 

3.  Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Тѳрага

Ж.Сейдахматов