БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2023-жылдын 8-августу № 3
Багыш айыл өкмөтүнүн
№1-15/429 19.05.2023-жылдагы
«Учкун кѳчѳсүнѳ М.Айбашовдун ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ»
кайрылуусун кароо жөнүндө
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/211 23.03.2023-жылдагы «Сары-Булак айылындагы Учкун кѳчѳсүнѳ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Айбашов Мѳтѳштүн ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 09.06.2023-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Сары-Булак айылындагы Учкун кѳчѳсүнѳ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Айбашов Мѳтѳштүн ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы Ж.Маматканова жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |