ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги отуз үчунчү сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 109
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Улуттук тазалык күнүнө карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айылдык кеңешининкезектеги отуз үчүнчү сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгы жетекчиликке алынсын.
2.Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 26.09.2022-жылдагы №01-15/314-б буйругу аткарууга алынсын.
3.Исхак-Полотхан айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жыл сайын сентябрь жана апрель айларынын үчүнчү ишембисинде белгиленип өткөрүлсүн.
4.Тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча ишкана куруу үчүн жеке ишкерлер жана башка уюмдар менен биргеликте инвестиция тартуу багытында иш алып баруу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.
5.Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн Улуттук тазалык күнү жана 2024-2026-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайрадан иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планы бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Кожонов З.Ы. |