Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 8-декабры ПЖ № 336
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 51, 2024-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 192, 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264, 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 50, 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124, 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365, 2026-жылдын 4-мартындагы № 103 , 2026-жылдын 15-июнундагы № 210 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык саны 2-тиркемеге ылайык.
2. 2024-жылдын 1-январынан тартып мурда Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнө жүктөлгөн милдеттер жүктөлгөн функциялардын жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- 1-бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" 1-главасында:
он үчүнчү абзац "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында) башчысынын орун басары - кызматтын жетекчиси" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
- 27-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Президент тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жөнүндө жоболорду кошпогондо, ушул Жобого ылайык Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;";
- 28-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүм, борбор, кызмат, катчылык, сектор) жетекчилери башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалат.".
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 237 "2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитсин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| C.Н.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин АдминистрациясынынТҮЗҮМҮ
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 210 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 8-декабры ПЖ № 336
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 51, 2024-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 192, 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264, 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 50, 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124, 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365, 2026-жылдын 4-мартындагы № 103 , 2026-жылдын 12-августундагы № 281 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык саны 2-тиркемеге ылайык.
2. 2024-жылдын 1-январынан тартып мурда Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнө жүктөлгөн милдеттер жүктөлгөн функциялардын жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- 1-бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" 1-главасында:
он үчүнчү абзац "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында) башчысынын орун басары - кызматтын жетекчиси" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
- 27-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Президент тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жөнүндө жоболорду кошпогондо, ушул Жобого ылайык Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;";
- 28-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүм, борбор, кызмат, катчылык, сектор) жетекчилери башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалат.".
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 237 "2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитсин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| C.Н.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ
(КР Президентинин 2026-жылдын 12-августундагы № 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)