Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 21-октябры № 2
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын “Шаардын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каттары жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 10.10.2022-жылдагы №01-14/1779, 18.10.2022-жылдагы 01-14/1875, 06.10.2022-жылдагы №01-14/1724, 10.10.2022-жылдагы №01-14/1772, 06.10.2022-жылдагы №01-14/1734, 06.10.2022-жылдагы 01-14/1735 жана 21.10.2022-жылдагы №01-14/1938 “Шаардын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 9 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 10.10.2022-жылдагы №01-14/1779, 18.10.2022-жылдагы 01-14/1875, 06.10.2022-жылдагы №01-14/1724, 10.10.2022-жылдагы №01-14/1772, 06.10.2022-жылдагы №01-14/1734, 06.10.2022-жылдагы 01-14/1735 жана 21.10.2022-жылдагы №01-14/1938 “Шаардын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын айлык маянасы көбөйгөндүгүнө байланыштуу, шаардын 2022-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнө “Салык агенттиги төлөөчү киреше салыгын” – 5000,0 мин сомго, “айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу салыгын” – 8000,0 мин сомго, шаардын 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгүн жалпы – 13000,0 мин сомго көбөйтүп, өзгөртүү киргизилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 13000,0 ми= сомго өзгөртүү киргизилип, түшкөн каражатардын эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
· Шаардык муниципалдык менчик департаментине жана “ Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасына, Токтогул көчөсүндө жайгашкан (мурунку арак заводу) имаратты тиешелүү жери менен кошо сатып алуу үчүн – 10000,0 мин сом, Кызыл-Алма аймактык башкармалыгына курулуучу кичи футболдук аянтчасынын ПСД үчүн – 112811 сом, Чүйүт-Сай айылына күрөш зал куруу үчүн ПСД жасоого – 161400 сом, Кызыл-Жар шаарчасына жол эрежесин көзөмөлдөө үчүн Таш-Көмүр жана Джанкулов көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотууга – 240410 сом, Кызыл-Жар шаарчасындагы Таш-Көмүр жана Джанкулов көчөлөрүнө түнкү жарык орнотууга – 161573сом, жалпы – 10676194 сом шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
· Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жылуулукка төлөм үчүн – 2000,0 мин сом, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу;
· шаардык аскер комиссариятынын резервдик ротасынын иш-кагаздарын жана окуу материалдык базасын жасоого – 200,0 мин сом, шаардык аскер комиссариаты аркылуу;
· шаардык мэриянын жылуулукка болгон төлөмү үчүн – 123806 сом, шаардык мэрия аркылуу;
4. Таш-Көмүр шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2022-жылга бекитилген сметасында 2195,6 мин сом акча каражаты үнөмдөлгөндүгү белгиленсин жана төмөндөгүлөргө бөлүштүлүлүп берилсин:
· Тендерден уткан “Күч” ААКуна кошумча 5% төлөп берүү үчүн – 552,0 мин сом, шаардын жана Кызыл-Алма кичи районундагы ички жолдорду ремонттоо үчүн – 915,0 мин сом, шаарга жана Тендик айылына эки даана “Раскол” жасатуу үчүн – 90,0 мин сом, республикалык денгээлде өтүүчү иш-чарага алынып барылуучу боз үйдүн ижара акысы үчүн – 50,0 мин сом, республикалык денгээлде өтүүчү иш-чарага транспорт чыгымдары үчүн – 32,0 мин сом, муниципалдык менчик департаментине чарбалык буюмдарды сатып алуу үчүн кошумча – 18,0 мин сом, жалпы- 1657,0 мин сом, муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
· “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчуларына кошумча айлык акы төлөө үчүн – 287,4 мин сом, “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасы аркылуу;
· Соттун чечимдерин аткаруу үчүн – 251,2 мин сом, шаардык мэрия аркылуу.
5. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин сметасында каралган, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгына спорттук комплекс куруу үчүн бөлүнгөн 4500,0 мин сом акча каражаты алынып, Шамалды-Сай шаарчасындагы төмөндөгү маселелерге бөлүштүрүлсүн:
· Төрт даана балдар ойноо аянтчасынын долбоорунун сметалык документациясын жасатууга (ПСД) – 120,0 мин сом, төрт даана балдар ойноо аянтчасын курууга – 3320,0 мин сом, эки даана трансформатор сатып алуу үчүн – 600,0 мин сом, жыйырма беш даана темир бетон электр мамылары үчүн – 225,0 мин сом, жалпы – 4265,0 мин сом акча каражатын шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
· Шаарчага түнкү жарык орнотуу үчүн – 155,0 мин сом, аймактык башкармалыгынын транспорт чыгымдары үчүн (ГСМ) – 80,0 мин сом, жалпы – 235,0 мин сом, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы аркылуу.
6. Шаардык муниципалдык менчик департаментине жана “ Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасына имаратты сатып алууда көз карандысыз баалоочуну чакыртып, баалоо жүргүзүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
8. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев