Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 21-октябры № 4
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 19.10.2022-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасындагы эс алуу багында жайгашкан үч обүектиге өзүнчөмамлекеттик акт алуу тууралуу» №01-14/1911 кайрылуу каты жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 19.10.2022-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасындагы эс алуу багында жайгашкан үч обүектиге өзүнчө мамлекеттик акт алуу тууралуу» №01-14/1911 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезексиз 9- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 19.10.2022-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасындагы эс алуу багында жайгашкан үч обүектиге өзүнчө мамлекеттик акт алуу тууралуу» №01-14/1911 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78-берененсине ылайык, Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын эс алуу багында жайгашкан аянты -1097,2 м2 жер тилкесин спорт зал курулушу үчүн Шамалды-Сай шаарчасынын борбордук эс алуу багына даярдалган мамлекеттик актыдан бөлүп, өзүнчө мамлекеттик акт алууга уруксат берилсин.
3. Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын эс алуу багында жайгашкан аянты -932,4 м2 жер тилкесин бассейин курулушуна, аянты -1242,0 м2 жер тилкесин кичи футбол аянтчасынын курулушу үчүн Шамалды-Сай шаарчасынын борбордук эс алуу багына даярдалган мамлекеттик актыдан бөлүп, өзүнчө мамлекеттик акт алууга уруксат берилбесин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
| С.Кудайбердиев |