Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 21-октябры № 6
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Конкобаеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 9– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Конкобаеванын маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлери эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Мырзаканов Самат Кылычбекович депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. Депутат Сооронбаев Кайрат Манасбекович Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
4. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Арстанбеков Асылбек Өмүркулович депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
5. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Арстанбеков Мирзалбек Боронбаевич өзүнүн арызынын негизинде шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, шаардык Кенештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
6. Депутат Курманалиев Даирбек Аманалыевич Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
7. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Султаналиев Жыргалбек өзүнүн арызынын негизинде шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, шаардык Кенештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
8. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Джумаев Асылбек Султаналиевич өзүнүн арызынын негизинде шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
9. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
10. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин аппаратына жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
| С.Кудайбердиев |