Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-декабры № 1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше
жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Алымкуловдун күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
a) 865,5 миң сом каражаттын ичинен №46 А.Жаныбеков атындагы мектептин спорт-залынын курулушуна 602,5 миң сом, “17-март спорт комплекси” атындагы борбордук спорт-залдын курулушуна 250,0 миң сом, айыл өкмөттүн кызматкерлерин кеңсе товарлары менен камсыздоого 10,0 миң сом, Кара-Суу айыл аймагынын газета журналдарынын тиркемесине 3,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы: | У.Жунусалиев |