КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезекcиз ХХХII сессиясынын
2024-жылдын 18-январы № 32/12
Айыл аймагындагы жайыттарды пайдалануу жана башка айыл айыл аймактардан келген малдарга жайыт акы төлөө жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Айылдардагы элдик жыйындын протоколунун негизинде шайланган жергиликтүү мал багуучулар биринчи кезекте жайыт менен камсыз болсун.
2. Мал баккандарга койчуга төлөнүүчү акыны бодо мал үчүн 600 ( алты жүз) сомдон, кой-эчкилер үчүн 150 (бир жүз элүү) сомдон ашырылбашы эскертилсин.
3. Жайыттарга башка айыл аймактардан келген малдар үчүн төмөнкүдөй жайыт акы төлөнсүн:
Кой-эчкиге – 60 сом Бодо малга – 1500 сом Жылкыга -1000 сом Жайытка төөлөнүүчү акы бир жолу мал жайытка келери менен төлөнөт
4. Жайыттарды туура бөлүштүрүү, козөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жайыт комитетинин төрагасы Н. Мамаюсуповго, аймактык тескөөчүлөр /. Халмурзаевге жана Көтөрмө айыл өкмөтунүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелери жана этика жана мыйзамдуулук, адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бактыбаев |