Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 29-декабры № 218
Нотариалдык ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын нотариалдык иш-аракеттер боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 6-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө» Жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1.Тиркелгендер бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча Нускама 1-тиркемеге ылайык;
2) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш–аракеттердин жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө Нускама 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш–аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Нускама 3-тиркемеге ылайык;
4) Мамлекеттик жана жеке нотариустардын кесиптик ишине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
8) Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдын такшалуудан өткөрүү тартиби 8-тиркемеге ылайык;
9) Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрин жүргүзүү тартиби 9-тиркемеге ылайык.
2. Күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 «Нотариалдык иш чөйрөсүндө лицензиялоого байланышкан маселелер жөнүндө» буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү Тартибин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 28-январындагы № 18 «Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишин уюштурууга текшерүү жүргүзүүнүн тартиби» жөнүндө буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2010-жылдын 14-октябрындагы № 142 «Жеке нотариалдык иш жургүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдарды иш тажрыйбасын өткөрүү программасын бекитүү жөнүндө» буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 1999-жылдын 27-сентябрындагы № 102 «Нотариалдык иштин маселелери жөнүндө» буйругу.
3. Адвокатура, нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы:
1) бул буйрукту ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүнү жана расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Юстиция министринин нотариат маселесин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр | А.Б. Баетов
|