Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 732
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Айрым мекемелердин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-январындагы № 3 (3556) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 1-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту
өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин
кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн
аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата
ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 7,48 |
2 | Директордун орун басары | 6,51 |
3 | Бөлүм башчы | 6,25 |
4 | Эксперт | 5,60 |
5 | Башкы бухгалтер | 4,65 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт.". | ||
| 2-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин ведомстволук мамлекеттик мекемелеринин
кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн
аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата
ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1. Жол чарба департаменти | ||
1 | Директор | 7,48 |
2 | Директордун орун басары | 6,51 |
3 | Бөлүм башчы | 6,25 |
4 | Башкы адис | 4,10 |
5 | Жетектөөчү адис | 3,26 |
6 | Адис | 3,00 |
2. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти | ||
7 | Посттордогу транспорттук контролдоо кызматынын начальниги | 3,18 |
8 | Башкы инспектор | 3,05 |
9 | Улук инспектор | 2,81 |
10 | Инспектор | 2,56 |
3. Жол фонду | ||
11 | Директор | 7,48 |
12 | Директордун орун басары | 6,51 |
13 | Бөлүм башчы | 6,40 |
14 | Эксперт | 5,62 |
15 | Башкы адис | 4,65 |
16 | Жетектөөчү адис | 3,67 |
17 | Адис | 3,42 |
Эскертүү: Жол чарба департаментинин өзгөрүлмө график боюнча иштеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө жумуш убактысын эсепке алуу табелинин негизинде иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн жүргүзүлөт. Жол чарба департаментинин, Жол фондунун кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт.". | ||