Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 14
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн спорттук уюмдарын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Спорттук багыттагы уюмдардын ишин тартипке келтирүү, толук координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн спорттук уюмдарын тиешелүү штаттары жана финансылык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин карамагына тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгууда тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн спорттук уюмдарды күтүү боюнча жергиликтүү бюджеттерде каралган чыгымдарды сактоо сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |