Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 16 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес
жактардын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө
убактылуу жобо
1. Бул Убактылуу жобо пилоттук долбоорду жүргүзүү үчүн аянтча катары аныкталган коммерциялык банкта (мындан ары - Банк) Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын (мындан ары - кардар) улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда банк эсептерин ачуу жана тейлөө тартибин аныктайт.
2. Банк ушул Убактылуу жобону жүзөгө ашыруунун алкагында келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо боюнча зарыл жол-жоболорду жүргүзөт жана аларды минималдаштыруу же жоюу боюнча бардык чараларды көрөт.
3. Кыргыз Республикасынын банк системасы үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу максатында Банк терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча улуттук жана эл аралык институттар менен өз ара аракеттенет.
4. Ушул Убактылуу жобону ишке ашыруу үчүн Банк чет мамлекеттердин аймагында өз өкүлчүлүктөрүн ачат же терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында бардык эл аралык талаптарды үчүнчү тарап милдеттүү түрдө сактаганда агенттик келишиминин негизинде, анын ичинде ушул Убактылуу жобонун 7-пунктун сактоо максатында үчүнчү ишенимдүү тараптарды (финансылык-кредиттик уюмдарды) ишке тартат.
5. Кардарлардын банк эсептерин ачууда жана жабууда эсептерди каттоо кагаз жүзүндө түзүлөт жана Банктын автоматташтырылган банк системасында кайталанат.
6. Банк эсептерин ачуу үчүн юридикалык резидент эмес жак Банкка төмөнкү документтерди берет:
1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (устав, юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн же улуттук мыйзамдарга ылайык талаптагыдай ыкма менен күбөлөндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелеринде тиешелүү түрдө легалдаштырылган уюштуруучулардын чечимдери же уюштуруу келишими);
2) уюмдун юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө чыккан өлкөнүн соода реестринен көчүрмөнү же чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюмдун юридикалык жак катары катталгандыгын ырастаган башка документти (күбөлүк, маалымкат, сертификат);
3) юридикалык резидент эмес жак тарабынан чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү лицензияланууга тийиш болгон иш жүзөгө ашырылган учурда - лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
4) эсептеги акча каражаттарын тескөөгө юридикалык резидент эмес жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (юридикалык жактын жетекчисин шайлоо жөнүндө уюштуруучулардын же акционерлердин чогулушунун протоколу, юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө уюштуруучулардын же акционерлердин чечими, же болбосо юридикалык жактын кызыкчылыктарын кездөөгө ишеним кат (буйрук);
5) кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкаларында көрсөтүлгөн адамдардын (уюштуруучулардын жана биринчи жана/же экинчи кол тамгаларга укугу бар (бар болсо) адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрүн;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында анын туруктуу иштеген органынын юридикалык жагынын, башка органынын же юридикалык резидент эмес жактын атынан ишеним катсыз аракеттенүүгө укуктуу жактын жайгашкан жери боюнча бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
7) юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды (эгерде бар болсо);
8) кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруусунун) түзүмүндө ачык кызмат адамынын болушу жөнүндө маалыматтарды;
9) юридикалык жактын башкаруу органдары жөнүндө маалыматтарды (түзүмү жана жеке курамы) камтыган документти.
7. Банк эсебин ачуу үчүн жеке резидент эмес жак төмөнкүдөй документтерди берет:
1) бекитилген формада эсеп ачууга кардардын колу коюлган арызды;
2) кардардын инсандыгын ырастаган документти.
8. Үчүнчү ишенимдүү тараптар менен өз ара аракеттенүү менен кардардын банк эсебин ачууда кардар тарабынан көрсөтүлүүчү документтердин тизмеси ушул Убактылуу жободо белгиленгенден аз болушу мүмкүн эмес.
9. Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Банк терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө тийиш.
10. Банк ички актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарга банк эсебин ачат.
11. Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралууга тийиш болгон кардарга - юридикалык резидент эмес жакка банк эсебин ачуу үчүн милдеттүү шарттар:
1) банк эсебинде 10000 (он миң) АКШ долларына эквиваленттүү суммада азайтылбаган калдыктын баштапкы төгүмү;
2) банк эсебиндеги азайтылбаган калдык киргизилген учурдан тартып 60 күн өткөнгө чейин азайтылбаган калдык башка банктарга которулушу же кардарга берилиши мүмкүн эмес.
12. Эсептик-кассалык тейлөөнүн стандарттуу банктык комиссияларынан тышкары кардарларды - юридикалык резидент эмес жактарды тейлөөдө милдеттүү шарт болуп Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралууга тийиш болгон кардардын тышкы которууларынын суммасынан 0,05% өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин пайдасына комиссиялык жыйым белгиленет.
13. Кардардын - юридикалык резидент эмес жактын чыккан которууларынын суммасынан 0,05% өлчөмүндө алынган комиссияны Банк атайын эсепке топтойт жана ар айлык негизде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которот. Которуу ар бир айдын акыркы иш күнүндө жүзөгө ашырылат.
14. Банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы менен биргеликте ар айлык негизде милдеттүү тартипте кардардын - юридикалык резидент эмес жактын чыгуучу которууларынын суммасынан 0,05% өлчөмүндө комиссия үчүн алынган каражаттар боюнча стыруу актысын жүргүзүүгө тийиш.
15. Келишимде 3 (үч) ай ичинде эсептер боюнча жүгүртүүлөр болбогон учурда (банк эсептеринин аракетсиз болушу) банк эсебиндеги азайтылбаган калдыктын 10000 (он миң) АКШ долларына эквиваленттүү суммадагы баштапкы төгүм Банк тарабынан эсептен чыгарыла турган шарттардын болушу каралууга тийиш.
16. Банк эсебиндеги 10000 (он миң) АКШ долларына эквиваленттүү суммадагы акцептсиз тартипте эсептен чыгарылуучу азайтылбаган калдыктын баштапкы төгүмү Банктын операциялык иштен алынган кирешеси катары таанылат.
17. Кардарларды - жеке резидент эмес жактарды ачуу жана тейлөө жеке резидент эмес жактарды тейлөө боюнча Банктын бекитилген тарифтерине ылайык жүргүзүлөт.
18. Кардарлардын эсептеринде жайгаштырылган финансынын терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) процесстерине тартылгандыгы фактылары Банк тарабынан аныкталган учурда же кардар Банктын суроо-талабы боюнча каражаттардын келип чыгуу булагын негиздей албаган учурда Банк мындай эсеп боюнча кандай болбосун операцияларды токтотот жана терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
19. Кардар тарабынан банктагы эсепти пайдалануу менен операциялар Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган учурда мындай эсеп блоктолууга тийиш, ал эми кардар менен келишим жокко чыгарылат.
20. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген фактылардын Банк тарабынан табылышы кардар менен келишимди бир тараптуу негизде токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 16 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес
жактардын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө
убактылуу жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Убактылуу жобо пилоттук долбоорду жүргүзүү үчүн аянтча катары аныкталган коммерциялык банкта (мындан ары - Банк) Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын (мындан ары - кардар) улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда банк эсептерин ачуу жана тейлөө тартибин аныктайт.
2. Банк ушул Убактылуу жобону жүзөгө ашыруунун алкагында келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо боюнча зарыл жол-жоболорду жүргүзөт жана аларды минималдаштыруу же жоюу боюнча бардык чараларды көрөт.
3. Кыргыз Республикасынын банк системасы үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу максатында Банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча улуттук жана эл аралык институттар менен өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул Убактылуу жобону ишке ашыруу үчүн Банк чет мамлекеттердин аймагында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачат же террористик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында бардык эл аралык талаптарды, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды үчүнчү тарап милдеттүү түрдө сактаганда, анын ичинде ушул Убактылуу жобонун 7-пунктун сактоо максатында агенттик келишимдин негизинде үчүнчү ишенимдүү тараптарды ишке тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кардарлардын банк эсептерин ачууда жана жабууда эсептерди каттоо кагаз жүзүндө түзүлөт жана Банктын автоматташтырылган банк системасында кайталанат.
6. Банк эсептерин ачуу үчүн юридикалык резидент эмес жак Банкка төмөнкү документтерди берет:
1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (устав, юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн же улуттук мыйзамдарга ылайык талаптагыдай ыкма менен күбөлөндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелеринде тиешелүү түрдө легалдаштырылган уюштуруучулардын чечимдери же уюштуруу келишими);
2) уюмдун юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө чыккан өлкөнүн соода реестринен көчүрмөнү же чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюмдун юридикалык жак катары катталгандыгын ырастаган башка документти (күбөлүк, маалымкат, сертификат);
3) юридикалык резидент эмес жак тарабынан чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү лицензияланууга тийиш болгон иш жүзөгө ашырылган учурда - лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
4) эсептеги акча каражаттарын тескөөгө юридикалык резидент эмес жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (юридикалык жактын жетекчисин шайлоо жөнүндө уюштуруучулардын же акционерлердин чогулушунун протоколу, юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө уюштуруучулардын же акционерлердин чечими, же болбосо юридикалык жактын кызыкчылыктарын кездөөгө ишеним кат (буйрук);
5) кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкаларында көрсөтүлгөн адамдардын (уюштуруучулардын жана биринчи жана/же экинчи кол тамгаларга укугу бар (бар болсо) адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрүн;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында анын туруктуу иштеген органынын юридикалык жагынын, башка органынын же юридикалык резидент эмес жактын атынан ишеним катсыз аракеттенүүгө укуктуу жактын жайгашкан жери боюнча бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
7) юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды (эгерде бар болсо);
8) кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруусунун) түзүмүндө ачык кызмат адамынын болушу жөнүндө маалыматтарды;
9) юридикалык жактын башкаруу органдары жөнүндө маалыматтарды (түзүмү жана жеке курамы) камтыган документти.
7. Банктык эсепти ачуу үчүн жеке резидент эмес жак төмөнкүдөй документтерди берет:
1) бекитилген формада эсеп ачууга кардардын колу коюлган арызды;
2) кардардын инсандыгын ырастаган документти (чет өлкөлүк жарандын паспорту).
Ушул пунктту аткаруу үчүн Банк тарабынан аралыктан режиминде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган маалыматтык системаларды жана методдорун колдонуу аркылуу, агенттин маалыматтык системалары жана методдорун менен идентификацияланган жана верификацияланган жеке резидент эмес жактын жеке маалыматтары жөнүндө алынган маалыматтардын негизинде, агент чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын жеке жактарды аралыктан идентификациялоо бөлүгүндө талаптарынын сакталышын эске алуу менен жеке резидент эмес жак кардарды идентификациялоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана методдор үчүнчү тараптардын идентификациялоонун жол-жоболоруна жана натыйжаларына авторизацияланбаган кирүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Үчүнчү ишенимдүү тараптар менен өз ара аракеттенүү менен кардардын банк эсебин ачууда кардар тарабынан көрсөтүлүүчү документтердин тизмеси ушул Убактылуу жободо белгиленгенден аз болушу мүмкүн эмес.
9. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Банк ички актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарга банк эсебин ачат.
11. Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралууга тийиш болгон кардарга - юридикалык резидент эмес жакка банк эсебин ачуу үчүн милдеттүү шарттар:
1) банк эсебинде 10000 (он миң) АКШ долларына эквиваленттүү суммада азайтылбаган калдыктын баштапкы төгүмү;
2) банк эсебиндеги азайтылбаган калдык эсеп жабылганга чейин (келишимдин бузулушу, анын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы) башка банктарга которулушу же кардарга берилиши мүмкүн эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Эсептик-кассалык тейлөөнүн стандарттуу банктык комиссияларынан тышкары кардарларды - юридикалык резидент эмес жактарды тейлөөдө милдеттүү шарт болуп Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралууга тийиш болгон кардардын тышкы которууларынын суммасынан 0,05% өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин пайдасына комиссиялык жыйым белгиленет.
13. Кардардын - юридикалык резидент эмес жактын чыккан которууларынын суммасынан 0,05% өлчөмүндө алынган комиссияны Банк атайын эсепке топтойт жана ар айлык негизде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которот. Которуу ар бир айдын акыркы иш күнүндө жүзөгө ашырылат.
14. Банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы менен биргеликте ар айлык негизде милдеттүү тартипте кардардын - юридикалык резидент эмес жактын чыгуучу которууларынын суммасынан 0,05% өлчөмүндө комиссия үчүн алынган каражаттар боюнча стыруу актысын жүргүзүүгө тийиш.
15. Келишимде 3 (үч) ай ичинде эсептер боюнча жүгүртүүлөр болбогон учурда (банк эсептеринин аракетсиз болушу) банк эсебиндеги азайтылбаган калдыктын 10000 (он миң) АКШ долларына эквиваленттүү суммадагы баштапкы төгүм Банк тарабынан эсептен чыгарыла турган шарттардын болушу каралууга тийиш.
16. Банк эсебиндеги 10000 (он миң) АКШ долларына эквиваленттүү суммадагы акцептсиз тартипте эсептен чыгарылуучу азайтылбаган калдыктын баштапкы төгүмү Банктын операциялык иштен алынган кирешеси катары таанылат.
17. Кардарларды - жеке резидент эмес жактарды ачуу жана тейлөө жеке резидент эмес жактарды тейлөө боюнча Банктын бекитилген тарифтерине ылайык жүргүзүлөт.
18. Кардарлардын эсептеринде жайгаштырылган финансынын террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) процесстерине тартылгандыгы фактылары Банк тарабынан аныкталган учурда же кардар Банктын суроо-талабы боюнча каражаттардын келип чыгуу булагын негиздей албаган учурда Банк мындай эсеп боюнча кандай болбосун операцияларды токтотот жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы N 439 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген фактылардын Банк тарабынан табылышы кардар менен келишимди бир тараптуу негизде токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтому берилген өзгөртүүлөр 20-пункттун расмий тилдеги редакциясына киргизилди.