КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-январы № 1817-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Мекенчил” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонов Айбек Жапарович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
-2-пунктчанын он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
-7-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
“Осмонов Айбек Жапарович – № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, “Мекенчил” депутаттык тобунан;”.
3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 2-пунктчасынын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |