Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-январы № 1816-VII
“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Омуралиев Бакытбек Эмилбекович Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына бекитилсин.
2. “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы “Акбердиев Марат Туратбекович” деген сөздөр “Омуралиев Бакытбек Эмилбекович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |