Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январы № 31
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл аймагында жайгашкан жерлерди, “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Өнөр жай объектин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 30-декабрындагы № ПП-01-8/1077 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 27 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл аймагында жайгашкан, “Агрон” жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигинде турган жалпы аянты 0,74 га, анын ичинде № 32 контурдагы аянты 0,53 га жана № 36 контурдагы аянты 0,21 га кайрак айдоо жери көп функционалдуу консерва заводун куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
– Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
– айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркын төлөөнү;
– көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталганда же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону;
– жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу эмес багыты боюнча пайдаланылган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |