Редакцияот 04.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынынкезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 4-декабры № 27

Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын коргоо министрлиги Оштогу турак-жай пайдалануну камсыздоо базасынын 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 1443 катын, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы отурумунун № 5 протоколунда карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Токтом кылат

 

 

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын түштүк-чыгыш тарабынан, мамлекеттик менчиктеги жайыт жеринен 6,0 га жер аянтын , “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформацияга) макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу Б.Турдуевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

Ысаков С.Б.