Загрузка документа…
ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-октябры № 14
Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө
Талды- Булак айыл кеңеши жергиликтүү салыктарды жана зоналдык коеффициентти карап чыгып жана талкуулап төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган төмөнкү жергиликтүү салыктар 2023-жылдан баштап жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилсин:
1)Турак жай имараттары жана жайлары;
2)Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар;
3)Айыл чарба жерлеринен башка жер участоктору ;
4)Айыл чарба жерлери;
5)Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарба жер участогунун салыгы ;
6)Транспорт каражаттары, анын ичинде аба жана суу кемелери үчүн салыктар.
2.Талды-Булак айыл өкмөтү боюнча зоналдык коэффицент КЗ=1,2 өлчөмүндө кабыл алынсын.
3.Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4.Бул токтом ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек уулу Белекке жүктөлсүн.
Төрага К. Жоомартов