Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
2022-жылдын 13-июлу ПЖ № 231
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2022-жылдын 7-апрелинен тартып жиберилсин:
- Ош облустук сотуна
Исажанов Келдибек Сайдахматович;
- Нарын облустук сотуна
Койломбаев Азамат Ишимбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |