Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-январы № 1823-VII
Ш.А. Айтиевдин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бɵлүгүнүн 9-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Айтиев Шухрат Анваровичтин ыйгарым укуктары 2023-жылдын 30-декабрынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |