Редакцияот 17.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 17-январы № 55/XIX-1

Кайыңды шаарынын мэринин

«Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022-жылынын  бюджетинин аткарылышы жөнүндө»  отчетун бекитүү жөнүндө

 

           “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктунун негизинде, Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022 - жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” отчетун угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Кайыңды шаарынын мэринин  “Кайыңды шаарынын мэриясынын  2022 – жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” отчету бекитилсин.

 

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага                                                                                            Э.Т. Иманкулов