Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-январы № 56/XIX-2
Кайыӊды шаарынын мэриясынын 2023 – жылынын бюджетинбекитүү жана 2024-2025-жылдарга прогноздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде, ошондой эле 2023-жылга Кайыӊды шаарынын мэриясынын бюджетинин долбоорун, Кайыӊды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2024 – 2025 жылдарга болжолун карап жана талкуулап, Кайыӊды шаарынын кеӊешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыӊды шаарынын мэриясынын 2023 – жылына бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 53469,0 миӊ сом менен бекитилсин. Анын ичинен атайын эсеби 4000,0 миӊ сом.
2. Кайыӊды шаарынын мэриясынын бюджеттин 2024 – 2025 жылдарга негизги параметрлеринин болжолу бекитилсин.
1) 2024-жылга Кайыӊды шаарынын мэриясынын киреше жана чыгаша болжолун – 73160,0 миӊ сом, 2025-жылга – 76005,0 миӊ сом.
2)2024-2025 жылдарга бекитилген шаардын бюджетинин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алынганда тактоого жатат. Кайыӊды шаарынын 2023-жылга бюджетинин киреше бөлүгү жана 2024-2025 жылдарга болжолу булак боюнча кирешелерден түзүлөт деп белгиленсин
3.Кайыӊды шаарынын мэриясынын алдындагы « Кайыӊды Сервис” МИ киреше жана чыгаша болүгү 2023-жылына 4477,2 миӊ сом менен бекитилсин.
4.2023-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин. Ошол эле учурда биринчи кезекте чыгашалар корголгон беренелер боюнча каржыланат (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча пособия жана коммуналдык чарбага).
1)Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык бирдигиндеги бош орундардын жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышынан улам кыскартылышы мүмкүн.
2)2022-жылы аз каржыланган чыгашалар 2023-жылдын бюджетинде каралган ассигнованиелердин чегинде гана төлөнөрү белгиленсин.
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 “Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча акыларды жана өзгөчө эмгек шарттары бар жумуштар жөнүндө (оор жумуш, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттары менен иштөө, өзгөчө климаттык шарттары менен иштөө)” Жобосунун негизинде, Кайыӊды шаарынын мэриясынын алдындагы ММБ нын тейлөөчү кызматкерлерине жана китепканага шаардык бюджеттен кошумча акылар белгиленсин,
4) Аксакалдар сотторуна келишимдик негизде 3000 сом өлчөмүндө төлөм белгиленсин.
5.Кайыӊды шаарынын мэрине Кыргыз Республикасынын колдонуудагымыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынынэсебинен аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине үстөк акыларды жана алар үчүн кызматтык маяналарды жана үстөктөрдү белгилөө укугу сакталсын.
6.Бюджеттик мекемелердин, ишканалардын жетекчилерин беш күндүк мөөнөттө бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасын берүүгө жана бөлүнгөн каражаттардын чегинде алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга милдеттендирилсин.
7.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов