Редакцияот 17.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 17-январы № 58/XIX-4

Кайыңды шаарынын  2023 – жылына  социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө

 

            “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кайыңды шаарынын 2023 – жылына  социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн планын карап чыгып,  Кайыңды шаардык кеңешинин  депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

                  

1. Кайыңды шаарынын 2023-жылына  социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы бекитилсин. 

2. Кайыңды шаарынын  2023 – жылына  өнүктүрүү планын өз убагында аткарууну камсыздоо жагы Кайыңды шаарынын мэрине тапшырылсын.

                                                    

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                  Э.Т. Иманкулов