Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 

ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 24-январы № 16-т

 

Кыргыз Республикасы менен Палестина Мамлекетинин ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн жер участокторун өз ара бөлүп берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасы менен Палестина Мамлекетинин ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн жер участокторун өз ара бөлүп берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасы (мындан ары "кыргыз тарап" деп аталып) жана Палестина Мамлекети (мындан ары "палестина тарап" деп аталып), биргелешип "Тараптар" деп аталып,

дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өз милдеттерин аткарышы үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө умтулууга негизденип,

1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынын дипломатиялык өкүлчүлүк үчүн зарыл болгон мамлекет тарабынан берилген жайларды сатып алууга анын мыйзамдарында жол берген чектерде көмөктөшүү милдети жөнүндө жоболорунун негизинде,

өз ара, тең укуктуулук, бирдей милдеттер жана өз ара пайда принцибине ылайык,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

1. Палестина тарап Рамалла шаарында жайгашкан 50 (элүү) сотых жер участогун кыргыз тараптын Кыргыз Республикасынын Палестина Мамлекетиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имараттарынын комплексин куруусу үчүн кыргыз тарапка акысыз бөлүп берет. Жер участогунун жайгашуу схемасы ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.

2. Кыргыз тарап Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан 50 (элүү) сотых аянттагы жер участогун палестина тараптын Палестина Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын имараттарынын комплексин куруусу үчүн 49 жылга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга ушул эле мөөнөткө андан ары узартуу менен палестина тарапка акысыз берет. Жер участогунун жайгашуу схемасы ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган 2-тиркемеде көрсөтүлгөн.

3. Ар бир Тарап ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жер участокторун өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жайгашкан жери катары пайдаланууга милдеттенет. Ушул максатка туура келбеген кандай болбосун акт же макулдашуу таптакыр маанисиз болуп саналат жана ушул Макулдашуунун 7-беренесине ылайык бөлүнгөн жер участокторун кайтарып берүүгө алып келет.

2-берене.

1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда палестина тарап курган Палестина Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын имараттарынын комплекси Палестина Мамлекетинин менчиги болуп саналат.

2. Кыргыз тарап жогоруда көрсөтүлгөн имараттардын комплексине менчик укугун тариздөөдө жана каттоодо палестина тарапка көмөк көрсөтүүгө милдеттенет.

3. Палестина тарап ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда курулган Палестина Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жайларын курууну, оңдоону жана кеңейтүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын Башкы планынын талаптарына ылайык өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.

4. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексине менчик укугу палестина тарапка өтөт жана кыргыз тарап бардык зарыл болгон документтерди, анын ичинде инженердик-техникалык документтерди да палестина тарапка берет. Кыргыз тарап ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексин палестина тарапка өткөрүп берген күндөн тартып палестина тарап пландуу оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзөт.

5. Палестина тарап ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексин оңдоого, кайра курууга, кеңейтүүгө, жакшыртууга жана өзгөртүүгө укуктуу. Палестина тарап жогоруда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу тартибин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, Бишкек шаарынын шаар куруу талаптарын жана уруксат берүү жол-жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныктайт.

3-берене.

1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда курулган Кыргыз Республикасынын Палестина Мамлекетиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имараттарынын комплекси Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.

2. Палестина тарап жогоруда көрсөтүлгөн имараттардын комплексине менчик укугун жүзөгө ашырууда жана тариздөөдө кыргыз тарапка ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттенет.

3. Тараптар Рамалла шаарынын шаар куруу талаптарына ылайык кыргыз тарап үчүн ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексин куруу тартибин жана пайдалануу мөөнөтүн аныктайт.

4. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн курулган имараттардын комплексине менчик укук кыргыз тарапка акысыз берилет, ошондой эле палестина тарап бардык зарыл болгон документтерди, анын ичинде инженердик-техникалык документтерди да кыргыз тарапка өткөрүп берет. Палестина тарап ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексин кыргыз тарапка өткөрүп берген күндөн тартып кыргыз тарап пландуу техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзөт.

5. Кыргыз тарап ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексин оңдоого, кайра курууга, кеңейтүүгө, жакшыртууга жана өзгөртүүгө укуктуу. Кыргыз тарап жогоруда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу тартибин Палестина Мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарын, Рамалла шаарынын шаар куруу талантарын жана уруксат берүү жол-жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныктайт.

4-берене.

1. Палестина тарап Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн, кайсы бир үчүнчү тараптын укуктарынан жана талаптарынан, ошондой эле кандай болбосун ипотекалардан, карыздардан же башка милдеттенмелерден эркин болгон жер участогун берет жана ушундай жагдайлар келип чыккан учурда мындай маселени чечүү үчүн жоопкерчиликти палестина тарап тартат.

2. Палестина тарап кыргыз тарапка ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануу ченемдерин жана коопсуздук техникасын эске алуу менен акысыз жана тоскоолдуксуз пайдалануу укугун берет, ошондой эле инженердик тармактарды жана коммуникацияларды (суу, жылытуу, газ канализациясы, электр энергиясы, байланыш ж.б.) өз эсебинен киргизүүнү камсыз кылат.

5-берене.

1. Кыргыз тарап ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн, үчүнчү жактардын укуктарынан жана талаптарынан, ошондой эле кандай болбосун ипотекалардан, карыздардан же башка милдеттенмелерден эркин болгон жер участогун берет жана ушундай жагдайлар келип чыккан учурда мындай маселени чечүү үчүн жоопкерчиликти кыргыз тарап тартат.

2. Кыргыз тарап палестина тараптын ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануу жана коопсуздук ченемдерин эске алуу менен акысыз жана тоскоолдуксуз пайдалануусун камсыз кылат.

6-берене.

1. Тараптар ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жер участокторун жана ушул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде көрсөтүлгөн жер участокторунда жайгашкан имараттардын комплексин ушул Макулдашууда каралган максаттардан тышкары пайдаланбайт.

2. Тараптардын бири да жерге же курулуш комплекстерине менчик укугун үчүнчү жакка өткөрүп бербейт же аларга карата үчүнчү жакка кандайдыр бир укуктарды белгилебейт.

3. Тараптардын бири да ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жер участокторун же ушул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде көрсөтүлгөн курулуш комплекстерин толук, жарым-жартылай ижарага берүүгө же өзүнүн пайдалануу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө укугу жок.

7-берене.

Ушул Макулдашуунун жоболору ар бир Тараптын ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жер участокторун коомдук кызыкчылыктагы максаттарда же экинчи Тарап мындай жерлерди ага берилген максаттардан айырмаланган максаттарда пайдаланган учурда кайтарып алуу укугуна зыян келтирбейт. Мындай учурда Тараптар ошол учурдагы бааларга ылайык адилеттүү компенсацияны аныктоо тууралуу талкуулайт жана макулдашат.

8-берене.

Тараптар 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык ушул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде көрсөтүлгөн курулуш комплекстерине жана ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жер участокторуна карата бардык салыктардан жана жыйымдардан бошотулат, буга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына жана көрсөтүлгөн айрым кызматтар үчүн төлөнүүчү суммаларга эреже катары кошулуучу төлөнбөгөн салыктар кирбейт.

9-берене.

Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жер участоктору 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена конвенциясында белгиленген иммунитеттен жана артыкчылыктардан пайдаланат.

10-берене.

Ушул Макулдашуу же анын кандай болбосун жобосу Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн. Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

11-берене.

Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана/же аткарууга карата Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун талаш-тартыштар же келишпестиктер Тараптардын ортосунда тынчтык консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.

12-берене.

1. Ушул Макулдашуу, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аяктагандыгы жөнүндө Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлаган, жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Макулдашуу кырк тогуз (49) жыл бою күчүндө калат жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө жана дипломатиялык каналдар аркылуу билдирбесе, ушундай мезгилге автоматтык түрдө узартылат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун колдонулушу экинчи Тарап мындай билдирүүнү алган күндөн тартып бир (1) жылдан кийин токтотулат.

3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде көрсөтүлгөн курулуш комплекстерине болгон менчик укугуна таасир этпейт. Имараттар комплекстерине ээлик кылуу менен байланышкан маселени Тараптар алдын ала консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салышы керек.

 

202___-жылдын _______________ ________________ шаарында эки нускада, кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү жана кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

 

Кыргыз Республикасы үчүн

 

Палестина Мамлекети

 үчүн

________________________

 

________________________