Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

    ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 23-январы №1

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2022-жылдын бюджети боюнча маалымат  жана 2023-жылга жергиликтүү  бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн,  2024-2025-жылдын  бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Үч-Төбө  айылдык  Кеңешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги XVII-сессиясында  Үч-Төбө  айыл өкмөтүнүн  2021-жылдын  бюджетинин аткарылышы, 2022-жылдын бюджети боюнча маалыматтарын угуп  жана айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн жана 2023-2025 жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү максатында  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Ж.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, ҮчТөбө  айылдык  Кеңеши

 

          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгү  16530,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше  4823,4 миң  сом, теңдештирүүчү  трансферт 7860,2 миң сом, атайын каражаттар 262,6 миң сомго, республикалык  бюджеттен берилүүчү  максаттуу  трансферт 3846,8  миң сом, өткөн  жылдан  калган калдык 716,5 миң сом жана чыгаша  бөлүгү 16530,4 миң сомго   аткарылгандыгы  белгиленсин.

2.2022-жылдын бюджети  боюнча  киреше бөлүгү 21177,0 миң сом, чыгаша бөлүгү  19901,6  миң сомго аткарылгандыгы   белгиленсин.

  3.Үч-Төбө  айыл өкмөтүнүн  2023-жылга  жергиликтүү бюджеттин  киреше  жана чыгаша  бөлүгү  22703,7 миң  сомго,  анын ичинен  теңдештирүүчү  трансферт 16792,0  миң сомго,  өздүк  киреше 5911,7 миң  сомго (анын  ичинен  атайын каражаттар  291,0 миң)  сомго  алымча кошумчасы  менен  кабыл алынсын.

 

4.2024-жылга жергиликтүү  бюджеттин  киреше жана  чыгаша  бөлүгүнүн долбоорунун  планы  22703,7 миң  сомго анын  ичинен  теңдөөчү 16792,0 миң  сомго, өздүк  киреше  5911,7  миң сомго,  анын  ичинен (атайын  каражат 291,0миң)  сомго, 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин  киреше  жана чыгаша  бөлүгүнүн долбоорунун  планы  5911,7 миң  сомго  анын ичинен  теңдөөчү  грант  16792,0 миң  сомго, өздүк  киреше  5911,7  миң сомго,  анын  ичинен (атайын  каражат 291,0миң сомго) долбоорунун болжолу  жактырылсын. 

5.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептер жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын  туура  жана максаттуу пайдалануу  жагын  камсыз кылуу, отчет-учет  иштерин  убагында айыл  өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө тапшыруу  жагы   мекеме башчыларына  жана  чарбалык иштер  боюнча   директорлордун  орун басарларына  милдеттендирилсин.

  6.Ата-энелер төлөмү  Кичи-Каракол, Медина-Нуру жана Кызыл-Алай  балдар  бакчаларына 500 (беш жүз) сом  болуп  бекитилсин.

  7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2009-жылдын 4- декабрындагы №762 токтомунун негизинде  2023-жылдын сметасына Гежиге , Кичи-Каракол, Чон-Каракол ,  Кызыл-Алай жана Ак-Босого айылдарына  айыл  башчылардын штаттык  бирдиги 5 штаттык  бирдик болуп катталсын.

8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Төбө айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ж.Тажибаевге,  финансы  экономика бөлүмүнүн  башчысы  Н.Мадакимовго тапшырылсын.

 

 

Төрага:  

 

 Асантай  уулу А