Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

       ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 23-январы №2

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына  карата жергиликтүү бюджетинин өздүк  кирешесинин  2372,6миң  сом калган  калдык  акча каражатын  2023-жылдын бюджетине  бекитип берүү  жөнүндө

 

 

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата  жергиликтүү  бюджетинин өздүк  кирешесинин 2372,6 миң сом калган калдык акча каражатын 2023жылдын бюджетине иштетүү  боюнча ҮчТөбө айылдык  кеңешинин  бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы  Э.Өмүрзаков  жана айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ж.Тажибаевдин  билдирүүлөрүн  угуп жана  талкуулап  Үч-Төбө  айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына  карата 2022-жылдан  пайдаланылбай  калган 2372,6 миң  сом, анын  ичинен  атайын каражаттар  эсебинде  84,1 миң  сом калдык  акча  каражатын 2023-жылдын  бюджетинин  киреше жана  чыгаша  бөлүгүнө кошумча  киргизилсин.

2.  Айылдык  кеңештин заседаниесинде  талкууланган  2023-жылдын 1-январына  карата  2022-жылдын пайдаланылбай  калган 2372,6 миң  сом, анын  ичинен  атайын каражаттар  эсебинде  84,1 миң  сом калдык  акча  каражатын 2023-жылдын  бюджетинин  киреше жана  чыгаша  бөлүгүнүн сметасына  киргизип  берүү жагы  Алай  райондук финансы  башкармалыгынан  суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Төбө  айыл  өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге , финансы  экономика  бөлүмүнүн башчысы  Н.Мадакимовго  тапшырылсын.

 

Төрага:  

 

 Асантай  уулу А