ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 23-январы №3
2022-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевдин, айыл өкмөтүнүн “2022-жылдын социалдык-экономикалык планын аткарылышы жана 2023-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча” билдирүүсун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 35-беренесинин 2-пунктунун негизинде Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевдин отчетун угуп,талкуулап Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Үч-Төбө айыл өкмөтүнун 2023-2025-жылдарга жергиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
3.Үч-Төбө айыл өкмөтүнун 2023-2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө белгиленгендери жүзөгө ашыруу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттардын катышуусунда, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу, муниципалдык жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү жооптуу кызматкерге, мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага: |
| Асантай уулу А |