ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 23-январы №4
Үч-Төбө жайыт комитетинин 2023- жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө жайыт комитетинин 2023 - жылга түзүлгөн бюджетинин долбоорун ишке ашыруу максатында,жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жана жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктураларын жакшыртуу максатында каралган долбоорлорду ишке ашыруу жана тыштан келген малдарга чара көрүү менен бирге жайыт мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган жарандарга чара көрүү маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ш.Борбодоевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоорун ишке ашыруу боюнча, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу, жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктураларын жакшыртуу максатында каралган долбоорлорду ишке ашыруу жана тыштан келген малдарга чара көрүү менен бирге жайыт мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жагы Үч-Төбө жайыт комитетинин төрагасы Ш.Борбодоевге милдеттендирсин.
2.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт пайдалануу үчүн шарттуу малдын башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин;
№ | Малдын түрү | Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү мал(сом) | Башка айыл өкмөттөрдөн келген мал (сом) | Башка райондон келген мал (сом) |
1 | Уй,жылкы,топоз. | 65 | 150 | 200 |
2 | Кой, эчки. | 15 | 50 | 70 |
3 | Торпок,кулун. | 65 | 70 | 100 |
4 | Эшек | 40 |
|
|
3. Жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн бюджети бекитилсин. (тиркеме №1)
4.Сырттан келген малдарды айылдын айланасындагы кышкы жана жазгы жайыттарга жаюга тыюу салынсын.
5.Баардык жайыт пайдалануучуларга,жайыт комитети менен келишим түзүп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка чыгууга уруксат берилсин.
6.Элдин койлорун баккан чабандар келишимдин негизинде жайыт акыны төлөп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка уруксат алышсын.
7. Жайыт мыйзамдарын жана ушул токтомдун эрежелерин бузган жайыт пайдалануучулар, Бузуулар кодекстин негизинде жоопкерчилик тартышат.
8.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетине жана баардык айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Асантай уулу А |
тиркеме
Үч-Төбө жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн бюджети.
Киреше бөлүгү:
№ | Айылдын аталышы | ИММ, Бодо | ИММ, Бодо сом | Сумма | Майда жандык | Сом | Сумма | эскертүү |
1 | Ак-Жай | 862 | 65 | 56030 | 2927 | 15 | 43905 |
|
2 | Гежиге | 125 | 65 | 8125 | 298 | 15 | 4470 |
|
3 | Кичи-Каракол | 825 | 65 | 53625 | 2717 | 15 | 40755 |
|
4 | Чоң-Каракол | 895 | 65 | 58175 | 2720 | 15 | 40800 |
|
5 | Кызыл-Алай | 612 | 65 | 39780 | 2638 | 15 | 39570 |
|
6 | Ак-Босого | 860 | 65 | 55900 | 2913 | 15 | 43695 |
|
| Баары: | 4179 | х | 271635 | 14213 |
| 213195 |
|
ИММ, Бодо - 4179 Х 65 = 271635
Майда жандык: -14213 Х 15 = 213195 Жалпы: 484 830 сом
Чыгаша бөлүгү:
№
|
Аталышы |
Бир айга сом |
Саны (айы) |
Суммасы сом |
эскертүү |
1
| Айыл өкмөттүн бюджетинде калат |
|
|
180000 |
|
2 | Социалдык төлөм |
|
| 16600 |
|
3 | Жайытты жакшыртууга |
|
| 100000 |
|
4 | Транспорттук чыгым | 1500
| 12
| 25700
|
|
5 | Канц. Товар, интернет, ММК. | 400 | 12 | 5000 |
|
6 | Ассоциацияга мүчөлүк акы | 670 | 10 | 6700 |
|
7 | Төраганын эмгек акысы | 4500 | 12 | 96000 |
|
8 | Алай токойчулугунун эсебине которуу |
|
| 50000 |
|
| Бардыгы; | х | х | 480000 |
|
Үч-Төбө жайыт комитетинин төрагасы: Борбодоев Ш.