РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кенешинин алтынчы чакырылыш кезектеги ХХХ сессиясы.
2024-жылдын 22-январы № 3
Республикалык бюджеттин эсебинен кош каржылануучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Республикалык бюджеттин эсебинен кош каржылануучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттин эсебинен кош каржылануучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.Б.Айтемиров
Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги XXX сессиясынын 2024-жылдын
22-январындагы №3 токтомуна тиркеме
Республикалык бюджеттин эсебинен кош каржылоонун негизинде ишке ашырууга сунушталуучу долбоорлордун
ТИЗМЕСИ
№ | Долбоордун аталышы | Болжолдуу керектелүүчү каражат (млн сом) | |||
Жалпы | Респуб ликалык бюджеттен суралуучу сумма | Жергилик түү бюджеттен өздүк салым | Өздүк салымдын % | ||
1 | Раззаков шаарынын №1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөргө канализация тутумун жана септик куруу | 11,0 | 7,4 | 3,6 | 32,7 |
2 | Раззаков шаарынын аймагында 7 жерде сугат суу скважиналарын чыгаруу (Раззаков шаарынын “Чархана”, “Штаб”, “Тал”, Алма-Бак участкаларына жана Тайлан, Голбо, Ак-Булак айылдарына) | 30,0 | 25,0 | 5,0 | 16,7 |
3 | “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын техникаларды алуу менен техникалык базасын жакшыртуу. (5 атайын техника үчүн: Ассенизатор -1, көп функциялуу (поливалка, пылесос, вышка) унаа - 1, экскаватор -1, таштанды унаасы 2 даана) | 32,0 | 27,0 | 5,0 | 15,6 |
Раззаков шаарынын мэри: Ч.А. Рысов
Раззаков шаарынын мэриясынын
инвестиция тармагы боюнча башкы адиси: З.К. Хабибуллаев