Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 23-январы №5
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн акы алуучу тарифтерди бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Ибраимовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, айыл аймагында “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн акы алуучу тарифтерди бекитүү максатында Үч-Төбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө акы алуучу тарифтери бекитилсин:
Суу пайдалануу үчүн ай сайын ар бир кожолука - 100 сом
Таштанды чыгарууга - 50сом
2.Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаттары өздүк эсебине төгүлүшүн камсыз кылуу жана сарамжалдуу пайдалануу жагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Мадакимовго жүктөлсүн.
Төрага: |
| Асантай уулу А |