Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Раззаков шаардык кенешинин алтынчы чакырылыш кезектеги ХХХ сессиясы.

 

2024-жылдын 22-январы № 5

Раззаков шаарына караштуу Голбо жана Чимген айылдарынын аттарын өзгөртүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу Голбо жана Чимген айылдарынын аттарын өзгөртүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Раззаков шаарына караштуу Голбо айылы “Алтын-Бешик” айылы жана Чимген айылы “Чымкен” айылы болуп өзгөртүлсүн.

 

2.     Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                         Б.Б. Айтемиров