Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 22-январы № 6
Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарына караштуу Кызыл-Бел участогундагы №183 контурундагы 0,01 га жайыт жер тилкеси жана №182 контурундагы 0,025 га жайыт жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Б. Айтемиров